Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Мындан ары жер басып алууну токтотуу керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолуккан учурда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, 2021-жылы Сокулук, Аламүдүн райондорунун, Бишкек жана Ош шаарларынын тегерегиндегидей айдоо жерлерин убагында басып алып, үй куруп жашап жаткан жалпысынан республика боюнча 23–30 миңдей жарандын жерлери мыйзамдаштырылган.
"Бирок мунапыстан кийин бош тилкеге үй кура койгондорго аким, айыл өкмөттөрдүн аралашканы аныкталган. Мындан ары жер басып алууну токтотушубуз керек. Биздин жерлер аз. Өлкөбүздүн 94%ын тоолор ээлейт, 6 гана пайызы түз жерлер. Ошол үчүн, айдоо, жайыт жана кайрак жерлерди сактайлы деп жатабыз. Райондун борбору жана кичи шаарындагы жерлерди пайдаланып, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жайларды куруп жатабыз", - деди Садыр Жапаров.
Жыйында президентке Көк-Жарда 2021-жылы жер тилкесин сатып алган жарандын апасы учурда ал жерге үй салып жашап жатышканын айтып, мыйзамдаштыруу маселесин карап берүүнү өтүндү.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев Көк-Жардагы 172-контурда жер мунапысы жарыялангандан кийин салынган үйлөр бар экенин маалымдады.
Президент жарандын арызын комиссиянын алкагында карап берүүнү тапшырды.