Мыйзам долбоору: Инвестор милдеттенмесин 10 жыл ичинде аткарбаса, жер кайтарылат

Жогорку Кеңеш 7 октябрь 2026 16:50
Мыйзам долбоору: Инвестор милдеттенмесин 10 жыл ичинде аткарбаса, жер кайтарылат

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.10.26. /Кабар/. Инвестициялык долбоордун алкагында жер алган инвестор келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелерин белгиленген мөөнөттө аткарбаса, жер кайра кайтарылып алынат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, инвестициялык келишимде инвестордун милдеттенмелери жана аларды аткаруу шарттары так көрсөтүлөт.

“Эгер инвестор келишимде жазылган милдеттенмелерин 10 жылдын ичинде так аткарбаса, жер келишимде белгиленген тартипте кайра алынат. Инвестициялык келишимдин алкагында долбоордун аткарылышына КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан мониторинг жүргүзүлөт”,- деди Беназир Нурланова.

Депутат Айсаракан Абдиева 10 жылдык мөөнөт айрым инвестициялык долбоорлор үчүн узак болуп калышы мүмкүн экенин белгилеп, жаратылышка зыян келтирип, кийин долбоорду таштап кеткен инвесторлор боюнча жарандардан кайрылуулар түшүп жатканын айтты.

“Мисалы, инвесторлор тиешелүү жерди казып, кен таба албай калса же токойлорго жана жерге зыян келтирип, андан кийин кетип калса, мындай учурда кандай чара көрүлөт деген суроо жаралууда. Ушуга байланыштуу менин сунушум бар”,- деди депутат.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жаратылышка зыян келтирген инвесторлор мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын белгиледи.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште каралып жаткан мыйзам долбоору инвестициялык долбоорлор үчүн жер тилкесин берүү тартибин тактоого, инвесторлордун милдеттенмелерин аткаруусун камсыз кылууга жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоого багытталган.