Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Түп районунда ата-энесиз калган балага жер тилкеси берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ата-энесиз калган балдардын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө тоголок жетим баланын мыйзамда каралган укуктары толук камсыздалбай, турак жай куруу үчүн жер тилкеси берилбей келгендиги аныкталган.
"Түп районунун прокуратурасы тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында Түп айылынан бир балага турак жай куруу үчүн 0,06 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды"- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Балдар жөнүндө кодекси жана Турак жай кодексинин талаптарына ылайык, жашоо үчүн турак жайы жок жетим балдар 16 жашка чыкканда мыйзамда белгиленген тартипте турак жай аянтын кезексиз алуу кепилдиктери каралган.