Сокулук районунун Күн-Туу айылында 140 орундуу бала бакча курулду

Аймак 1020 04 Март 2025 16:40
481275290_1146072266991821_7669138293752853745_n.jpg
481473926_1146072853658429_6863867859857746082_n.jpg
481286184_1146072900325091_2587394806618361300_n.jpg
481298610_1146072830325098_797190981788673434_n.jpg
481335036_1146072823658432_6848035821785391806_n.jpg
481675592_1146072450325136_541605430461311201_n.jpg
481777840_1146072926991755_337965697651680282_n.jpg
481817094_1146072793658435_1575330910813560122_n.jpg
482025966_1146072880325093_9003997369521093327_n.jpg
482089644_1146072780325103_125274036043139870_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Сокулук районунун Күн-Туу айылында жаңы бала бакчанын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган жана жакын арада айылдын кичинекей тургундары үчүн өз эшигин ачат.

Жаңы бала бакча заманбап эки кабаттуу имараттан туруп, 140 балага ылайыкталган. Анда балдардын ар тараптуу өнүгүүсү жана санитардык нормалардын сакталышы үчүн бардык шарттар каралган. Бала бакчада атайын оюн жана окуу бөлмөлөрү, уктоочу бөлмө, ашкана, музыкалык зал жана медициналык кабинет бар.

Мындан тышкары, бала бакчанын аймагында коопсуз оюн аянтчасы орнотулган. Объекттин тендердик баасы 54 млн сомду түзөт.

Күн-Туу айылындагы бала бакчанын курулушунун аякташы аймакта мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маанилүү кадам болуп саналат.

Курулуш министрлиги социалдык инфраструктураны жакшыртууга жана өсүп келе жаткан муун үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.