Соңку жылдары өлкөдө шайлоолор таза жана ачык-айкын өткөндүгү эл аралык уюмдар тарабынан да таанылууда - Байсалов

Коом Загрузка... 26 Июнь 2025 16:06
WhatsApp Image 2025-06-26 at 15.32.11.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 26.06.25. /Кабар/. Соңку жылдары өлкөдө шайлоолор таза жана ачык-айкын өтүп жатканы эл аралык уюмдар тарабынан да таанылууда. Бул тууралуу бүгүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Ысык-Көл шайлоо форумунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөлүк шайлоо уюмдары өлкөнүн шайлоо системасындагы олуттуу өзгөрүүлөрдү байкашууда. Ал эми бүгүнкү өтүп жаткан форум шайлоо системасындагы заманбап ыкмаларды колдонууда маанилүү аянтча гана болбостон, Кыргыз Республикасынын демократиялык принциптерине жана шайлоо системасынын процесстеринин ачыктыгы тууралуу кеңири маалымат берүүгө да багытталган.

“Форумдун жүрүшүндө санариптештирүү, жеке маалыматтарды коргоо, сырткы коркунучтардан коопсуздук, ошондой эле жаштарды шайлоо процесстерине активдүү тартуу сыяктуу маселелер талкууланат. Өлкөнүн шайлоо системасында болуп жаткан маанилүү өзгөрүүлөргө да токтоло кетейин.

Жакында партиялык-пропорциялык шайлоо системасынан баш тартып, көп мандаттуу шайлоо системасына өттүк. Бул аймактарда талапкерлердин өкүлчүлүгүнүн болушуна жана шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган кадам”,-деди ал.

Байсалов белгилегендей, Кыргызстан демократиялык туруктуу өнүгүү жолуна түштү.

“Садыр Жапаров таза жана атаандаштык негизде өткөн шайлоодо жеңип чыккан. Өткөн 4 жыл ичинде өлкөнүн кирешеси үч эсеге өстү. Экономика өсүп, инфраструктурада олуттуу өзгөрүүлөр болду. Жолдор, ооруканалар, ишканалар жана ипотекалык үйлөр курулууда”, — деди Байсалов.