Социалдык контракт – бул мамлекет менен жарандардын ортосунда түзүлгөн келишимдик программа болуп, ал калкты жакырчылыктан чыгарууга багытталган. Башкача айтканда, долбоор жарандарга жөн гана даяр жардам бербестен, өз алдынча өнүгүүгө жол ачып, “балык бербей, кайырмак берүү” принциби аркылуу туруктуу ишкерликти калыптандырууга жана узак мөөнөттүү жыйынтыкка жетүүгө үндөйт.
Программа ишке киргенден бери жүздөгөн адамдар ар кандай ишкерликти баштап, материалдык абалын жакшыртууга, үй-бүлөсүн камсыздоого жетишүүдө. Айрыкча бул демилгеге аялдар кеңири катышып келет. Бирок бүгүнкү “Кабар” агенттигинин каарманы – эки баласын жалгыз тарбиялап келе жаткан 59 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Сталбек Исаков. Ал социалдык контракттын алкагында берилген каражатка унаа сатып алып, такси кызматында иштеп, материалдык абалын жакшырта алган. Алдыда ал программа аркылуу жетише алган ийгиликтери менен бөлүшөт.

- Өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз. Бул программага кандайча катышып калдыңыз?
2021-жылы май айында өмүрлүк жубайым каза болуп калып, колумда жашы жете элек бир уул, бир кызым калды. Башыбызга келген оор сыноону көтөрүп, балдарды энесиз багып, эч нерседен кем кылбай камсыздоо милдети жалгыз менин милдетим болуп калды. Ошол маалда президенттин көрсөтмөсү менен жардамга муктаж үй-бүлөлөргө ишкерлик кылуу үчүн 100 миң сом берилип жатыптыр деп угуп калдым. Өзүм дагы эмне жумуш кылсам деп ойлонуп турдум эле. Талап кылынган документтерди дароо чогултуп, бизнес планымды жазып аталган программага катыштым. Күз айларында каражат колго тийип, унаа сатып алууну чечтим.

Ага чейин унааны ижарага алып такси кызматында иштеп жаткан болчумун. Социалдык программанын каражатына ал унааны андан ары сатып алууга макулдашып, баасын 450 миң сом деп белгиледик. Колумдагы 100 миң сомду берип, унаа менен такси кызматын уланттым. Бир жылдын ичинде калган 350 миң сомун төлөп бүтүп, андан кийинки кирешелер өзүмө калып, балдарымды кенен-кесир камсыздай баштадым.
Бул мен үчүн абдан жакшы мотивация болду. Арадан дагы бир аз убакыт өткөндөн кийин 450 миң сомдук унааны 2007-жылы чыккан 750 миң сомдук унаага алмаштырууга жетиштим. Андан кийин дагы эки жыл иштеп 2015-жылы чыккан жаңы унааны алдым.

- Такси кызматын көрсөтүүчү компанияда расмий түрдө иштейсизби? Социалдык контракт менен сиздин жашооңузда кандай өзгөрдү?
- Борбор калаадагы компаниялардын биринде расмий түрдө келишим менен иштейм. Такси кызматынын дагы өзүнүн чоң жоопкерчилиги бар. Эл ташып, элдин кызматында жүргөн үчүн ар дайым унаамды техникалык кароодон өткөзүп, компаниянын комиссияларын, салыгын төлөп турам.
Ошондой эле, өзүмдүн милдеттүү жумушум катары кабыл алып, айлык алган кызматкерлердей эле график менен иштейм. Эртең менен 5 саат иштеп, түштөн кийин дагы 4 саат иштеп, 6 күн 9 сааттан кызматта болом. Жумасына бир жолу эс алып, балдарым менен убакыт өткөрөм. Бүгүн менде акча жетишээрлик же жамгыр жаап атат, күн ысык деген шылтоолор менен чыкпай коюу деген жок. Себеби, адам иштеп эмгек кылганда гана натыйжасын көрөрү чын.
Айына 130-140 миң сомдун тегерегинде киреше табам. Андан унаанын бензини, майы, амортизациясы, салык комиссиясы сыяктуу чыгашаларын эсептегенден кийин 70-80 миң сомдон таза киреше түшүп турат. Ал эми бул сумма биздин үй-бүлөгө жетиштүү.

-Социалдык келишим аркылуу ишкерлик кылууну ойлоп жаткан жарандарга эмне деп айтаар элеңиз?
-Ал эми программа жөнүндө айта турган болсом, атайын ишкерликке деп бөлүнүп берилген каражатты максаттуу жумшаса эле өзүн-өзү сөзсүз актайт экен. Мисалы, мен бул акчаны алып тойго барган жокмун. Телефон жаңыртып, кийим-кече алган жокмун. Түшкөн кирешенин эсебинен жашообуз бир топ оңолду.
Мен бул мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жаткан өлкө башчысына, өкмөткө, социалдык камсыздоо кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем. Жарандарга абдан пайдасы тийип жатат. Былтыр дагы пайызсыз насыя берилип, чыныгы муктаж адамдар алсын деп алган жокмун. “Алганды билген бергенди да билиш керек” дегендей мамлекет сунуштаган мүмкүнчүлүктү эмгегим менен кайра кайтарууга аракеттенип жатам.
-Балдарыңыз мектеп окуучуларыбы?
Кызым окуусун ийгиликтүү аяктап, медициналык академияга окууга тапшырды. Мен өзүм мурунку аскер адамы болгондуктан, уулум дагы кичинесинен чек арачы болом деп кыялданат. Бирөө дарыгер катары, бирөө аскер адамы катары элге кызмат кылса деп тилек кылам. Калган күчүмдү балдарыма билим берүүгө жумшайм.