Соцконтракт. Үч жылдын ичинде 2 ашкана куруп, унаалуу болдук - ишкер айым менен маек

Маек Загрузка... 04 Сентябрь 2025 16:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Каармандын өздүк архивинен

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ишкерлик кылууга ишеним жана демилге - ийгиликке жетүүнүн ачкычы. “Социалдык контракт” программасы аркылуу берилген 100 миң сом жардам менен кыялданган ашканасын ачып, иш орундарын түзүп жаткан каарманыбыздын ийгилик тарыхы муну далилдеп турат. Башында болгону тез татым тамактарын сатуу менен башталган чакан ишкерлик, бүгүнкү күндө өзүнүн туруктуу кардарлары бар, күн сайын иш кайнап турган чоң ашканага айланууда. Каарманыбыз аракет, эмгек жана тырышчаактык менен үч жылдын ичинде чоң жетишкендиктерге жетишүүгө мүмкүн экенин көрсөттү. Башталгыч капитал катары мамлекет тарабынан берилген каражат кантип ишкерликке жол ачканы, кандай кыйынчылыктар жана жетишкендиктер болгондугу тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине “Социалдык контракт” программасынын катышуучусу, Кочкор районунун тургуна Гулбарчын Мунарбек кызы маек берди.

- Негизи ишкерлик кылуу идеясы эмнеден улам пайда болду? “Социалдык контракт” программасы тууралуу биринчи кайдан билдиңиз?

- Биздин үйүбүз мектепке, мекемелерге жакын болгондуктан, тез татым болгон самсы, хошан сыяктуу тамактарды үйдөн жасап, дүкөндөргө өткөрчүмүн. Ошол кезден эле өзүм кафетерий ачсам, жасаган тамагымды көчөлөп ташыбай өзүм сатсам деп кыялданчумун. Бир күнү айыл өкмөттөн “Социалдык контракт” программасы менен 100 миң сомдон берип, балдарга жөлөк пулду токтотот экен деген маалымат уктум. Кирип сурап, каражат алуу үчүн өз пландарымды айттым. Айрымдары болбойт деген да пикирлерин айтышты. Бирок, бул программа менен иштеген бир агай мени колдоп, каражат алдым. Колдоо көрсөтөлү деп, курулуш материалдарын алууда да жардам беришти.

- Программанын алкагында алган 100 миң сом каражат менен баштаган ишкерлигиңиз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

- 2022-жылы сентябрь айында “Социалдык контракт” программасы аркылуу 100 миң сом алдым. Бул каражатка курулуш материалдарын сатып алып, аянты 21 чарчы метр болгон чакан кафетерий куруп иштетип баштадык. Башында мектеп окуучулары, ошол тегеректегилер үчүн тез тамактануучу жай катары ачып, жеңил тамактарды саттык. Кийин элдин талабына жараша кафетерийди чоңойтуп, ысык тамак жасай баштадык. Жаныбызда мектеп, акимчилик, банкттар сыяктуу көп мекемелер болгондуктан, тамак-аш өтүмдүү. Негизи ашкана үйүбүздүн эшигинин алдына эле салынган. Негизинен мамлекет тарабынан берилген 100 миң толук жетпесе да баштапкы капиталга жакшы болду. Бул каражатка курулуш материалдарын алып, калган жетишпегени бир туугандарыбыздын жардамы менен курулду. Андан кийин 1 жылдын ичинде түшкөн каражаттын эсебинен өзүнчө ашкана улап курууга жетиштик. Анткени, ага чейин тамак-ашты үйдүн ичинен жасап алып келчүмүн. Башында тез татым гана сатсак, азыр ысык тамактын 10 түрүн жасап сатабыз. Алгач, жолдошум, балдарым болуп өзүбүз эле иштесек, азыр үч жумушчу алып ар бирине күнүнө 700 сомдон эмгек акы төлөп берем. Башында 3 стол менен эле баштасак, азыр ашканада 6 стол тейленет. Алдыда дагы кафетерийди чоңойтуу максатыбыз бар. Эң негизгиси өзүм да, жолдошум да иш менен камсыз болуп, учурда ашканада 7 киши эмгектенебиз. Буга чейин жолдошумдун да туруктуу иштеген иши жок болчу.

- Ишкерлигиңиздин кеңейиши, жетишкен ийгиликтериңизге токтолсоңуз?

- 100 миң бул ишкерликтин башталышы болду. Иш башталгандан кийин да жеңилдик катары мамлекеттен 200 миң сом пайызсыз насыя алдык. 200 миңдин үстүнө ага чейин чогулткан 300 миң акчабызды кошуп авто унаа алдык. Анткени, ашканага азык-түлүк таашып келүүдө, буйрутма берилген тамакты жеткирүүгө бизге унаа керек болду. Такси кызматын дайыма колдонуу кымбатка түшөт. Азыр өз унаабыз менен каалаган учурда азык-түлүктөрдү алып келип алабыз. Андан тышкары, тамакка буйрутма алып, дарегине жеткирип беребиз. Ишкерликти кеңейтүү максатында учурда өзүнчө зал куруп жатабыз.

- Учурдагы кирешеңиз тууралуу айтсаңыз, ишкерлигиңиз өзүн-өзү актаган деңгээлге жетип калдыбы?

- Азыр айына 60-70 миң сом таза киреше табууга жетиштик. Бирок, ошол каражатты дароо эле курулушка кетирип жатабыз. Анткени, кардарларыбыз көбөйүп, кафетерий тар болуп калгандыктан, өзүнчө 90 чарчы метр аянтта зал куруп жатабыз. Андан тышкары, 200 миң сом алган насыя өз убагында төлөнүүдө. Негизи тамак даамдуу, таза, тейлөө жакшы болсо эле кардарлар келе берет экен. Болгону аракет кылып, чын жүрөктөн берилип иштөө гана керек.

- Иш баштоодон коркуп, чечкинсиз болуп, жумуш жок же 100 миң сом эмнеге жетмек эле деп жүргөн жарандарга кандай кеңеш берет элеңиз?

- Ооба, мен да башында ишкерлик кылгандан коркчумун, 100 миң жетпейт деп да ойлочумун. Бирок, коркпой туура ниет коюп иштин башын баштоо керек экен. Колуман келбейт деп коркуп отура бербестен, идея болсо эле аракет кылыш керек. Чынында башында бардыгы эле соонун болбойт. Биринчи, экинчи, үчүнчү күнү болбошу мүмкүн бирок, ушинтип отуруп иш жүрүшөт. 100 миң сом менен эле ушунун баарын жасап салдыңарбы деп айтышат. Бирок, биринчи каражат катары ошол акча мага чоң стимул болду. Отчет берүүдө уят болуп калбайын деп аракет кылып иштедим. Бул акча берекелүү, буйруктуу болду, ошол каражаттан башталган иш акырындан өнүгүп келатат. Үч жылдын ичинде эки чакан кафетерий имаратын куруу, унаа алуу мен үчүн чоң жетишкендик болду. Мамлекет тарабынан берилген 100 миң болбосо, мен дагы эле коркуп отура бермекмин.

- Алдыда ишкерлик тармагында дагы кандай пландарыңыз, максаттарыңыз бар?

- Жогоруда айткандай, чоң залдын курулушун бүткөрүп, жаз менен ишке берүүнү пландап жатабыз. Мында залдын ичин бөлүп, тоңдурулган жарым даяр тамактарды муздаткычта сактап сатуу максатым бар. Анткени, биздин пельмен, манты сыяктуу тамактарыбызды кардарлар жактыргандыктан, саткылачы деп бизге кайрылгандар көп. Ушул ишти да бир багыт катары колго алалы деп турабыз. Сөзүмдүн акырында ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген мамлекетибизге, президентибиз Садыр Жапаровго чоң ыраазычылык билдирем.

Белгилей кетсек "Социалдык контракт" программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого, алардын экономикалык активдүүлүгүн стимулдаштырууга жана туруктуу киреше булактарын түзүүгө багытталган. Социалдык контракт түзгөн үй-бүлөлөр өз ишин ачуу же өнүктүрүү үчүн каржылык жардам алышат, бул өз алдынча иш менен камсыз болуунун өсүшүнө жана калктын жыргалчылыгынын жакшырышына өбөлгө түзөт.

Алсак, бул жылы аталган программага катышуу үчүн 8 899 жаран арыз берип, кароонун жыйынтыгында аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр менен 8 087 социалдык контракт түзүлгөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкен. Көңүл бура турган жагдай, программага катышуучулардын жалпы санынын 7 126сын аялдар түзөт.