Соцконтракттын таасири: Жөлөк пул алуучулар 359 миңден 152 миңге кыскарды

Министрлер кабинети Загрузка... 28 Апрель 2026 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде социалдык өнүгүүнүн учурдагы абалын талдоо жана мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу чараларын иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөлөрүндөгү абалды талдоо мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү жана кечиктирилгис чараларды талап кылган туруктуу системалуу маселелерди аныктайт.

Жыйында социалдык өнүктүрүү, калкты иш менен камсыз кылуу, жакырчылыкты кыскартуу, социалдык төлөмдөр системасын жакшыртуу, эмгек рыногун өнүктүрүү, миграциялык процесстерди башкаруу жаатындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Социалдык төлөмдөр системасына өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, социалдык жөлөк пул алуучулардын ичинен 41,6 пайызы “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучулар болуп саналат. Бирок акыркы жылдар аралыгында аталган жөлөк пул алуучулардын саны 359,5 миңден 152,9 миң адамга (111,0 миңден 42,6 миң үй-бүлө) чейин кыскарган. Бул динамика жакырчылыктан чыгаруу инструменти катары киргизилген социалдык контракт программасы менен шартталган, бирок аны системалуу түрдө баалоо жана камтууну кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.

"Социалдык саясат формалдуулук эмес, тескерисинче, ишке аша турган — түшүнүктүү, максаттуу жана ага муктаж болгон ар бир адам үчүн натыйжалуу болушу керек. Ведомство калктын социалдык кызматтардын комплексин алуусун жөнөкөйлөтүү боюнча аракеттерди күчөтүшү керек. Президенттин үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды киргизүү жөнүндөгү жарлыгын ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Аны толук кандуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды өз убагында даярдоону камсыздоо маанилүү”, - деди Улан Маматканов.

Жыйындын соңунда бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде эмгекти, социалдык камсыздоону жана миграцияны интеграциялоого, калктын иш менен камсыз болушун жогорулатууга жана жакырчылыкты кыскартууга, санариптештирүү жана аналитикалык мониторинг механизмдерин ишке ашырууга багытталган комплекстүү улуттук программаны иштеп чыгуу. Программада социалдык контракттарды иштеп чыгуу, кесиптик окутуу, калктын аялуу катмарын колдоо боюнча чаралар камтылууга тийиш.

Мындан тышкары, Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында кыска мөөнөттүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.