Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Талас облусунун Манас жана Бакай-Ата райондорунда "Социалдык контракт" программасынын алкагында 71 үй-бүлөгө жеке ишкердигин баштоо үчүн 150 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, колдоо алгандардын тизмеси төмөнкүдөй:
- Манас районунан — 31 үй-бүлө;
- Бакай-Ата районунан — 40 үй-бүлө.
Эмгек министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматовдун айтымында, үстүбүздөгү жылы Талас облусу боюнча жалпы 682 үй-бүлөгө каражат берилет.
"Бул долбоор аймактарды өнүктүрүүгө жана Улуттук өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга чоң салым кошот. Катышуучулар өз үй-бүлөсүн киреше менен камсыз кылуу менен бирге, жергиликтүү коомчулуктун жашоо деңгээлин көтөрүүгө көмөктөшөт", — деди министрдин орун басары.
Белгилей кетсек, программанын катышуучуларынын 94,2 пайызын айылдык аялдар түзөт.