Социалдык келишим. Кондитердик үйүн ачкан Жаркынай Сабатар кызы менен маек

Маек Загрузка... 16 Июль 2025 19:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Каармандын өздүк архивинен

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Кыргызстанда акыркы жылдары социалдык колдоо саясатынын бир багыты катары социалдык келишим долбоору ийгиликтүү ишке ашып келет. Бул программа жөлөк пул алып келген аз камсыз болгон жарандардын турмуш шартын жакшыртуу жана өз алдынча киреше табуучу булак түзүүсүнө жардам берүү максатын көздөйт. Социалдык келишим - мамлекет менен жаран ортосунда түзүлгөн өз ара макулдашуу. Анын алкагында, жаран мамлекеттен кайтарымсыз 100 миң сом өлчөмүндө каржылык жардам алып, өзүнүн бизнес-идеясын ишке ашырууга милдеттенет. Бул акча каражатын жаран жабдуу сатып алууга, өндүрүш баштоого же кызмат көрсөтүүчү иш ачууга колдонсо болот.

Бүгүнкү күндө социалдык келишимдин негизинде миңдеген адамдар чакан бизнесин баштап, үй-бүлөсүн камсыз кылып жатышат. Бул жөлөк пулга көз каранды болбостон, мамлекет тарабынан сунушталган мүмкүнчүлүктү пайдаланып, келечекке ишеним менен кадам таштаган жарандардын ийгиликтүү жолу.

Алардын бири Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылынын тургуну, төрт баланын энеси Жаркынай Сабатар кызы. Үй бүлөгө көмөк мамлекеттик жөлөк пулун 4 баласына 4 миң 200 сом өлчөмүндө алып келген. 2023-жылы социалдык келишимдин негизинде 100 миң сом алып, кондитер азыктарын жасап чакан бизнесин ачкан.

Конкурска катышып, 2024-жылдын “Эң мыкты кондитери” наамын алган. Азыркы учурда Бишкек шаарында кондитердик үйүн ачып, үйлөнүү - үлпөт тойлордо жана туулган күн ээлерине арналган эң чоң тортторду жасап, ийгиликтүү иштетип жатат.

WhatsApp Image 2025-07-16 at 16.48.31 (1).jpeg

Жаркынай айым, алгач өзүңүз, үй-бүлөңүз, балдарыңыз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз. Бизнес ачууга чейин эмне иш менен алектенчүсүз?

Мен 1994-жылы Талас облусунун Үч-Эмчек айылында төрөлгөм, бирок балалыгым Чүй облусунда өттү. Учурда эки кыз, эки уулдун мээримдүү энесимин. Ишкерликти баштаганга чейин үй кожойкеси болуп жүрдүм. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин аяктап, модельер-конструктор адистиги ээ болгом. Бирок бул кесип менен бир аз гана иштеп, жүрөгүмө жакпагандыктан, такыр башка тармакты издей баштадым. Бирок балалуу болгондон соң үйдө отурууга туура келди. Балдарым төрөлүп, үй-бүлөм чоңойгондо, мындан ары жөн гана үйдө отуруп калбоо керек экенин түшүндүм. Түрдүү иштерди издеп, ар кандай тармактарды сынап көрүп жатып, акыры өзүмдү кондитердик чөйрөдөн таптым. Бул тармак мени өзүнө тартып, толук түрдө ушул кесипке өткөм. Кондитерлик боюнча жогорку билимим жок, бирок интернет аркылуу өз алдынча окуп, үйрөндүм. Башында атайын жабдууларым да, кондитердик үй ачууга мүмкүнчүлүгүм да жок болгондуктан, үйдөн эле буйрутма алып баштагам. Убакыт өткөн сайын буйрутмаларым көбөйүп, кондитерлик ишим жакшы жүрүп кетти.

— Социалдык келишим аркылуу 100 миң сомду кантип алдыңыз? Документтерди даярдоодо ким жардам берди?

Убакыт өткөн сайын бул кесип мага абдан жагып, ишиме болгон кызыгуум арта баштады. Ошол кезде кондитердик үй ачып, өз алдымча иштетүү менин эң чоң кыялым болуп калган. Бир күнү жакын тааныштарым аркылуу мамлекеттик социалдык келишим тууралуу угуп калдым. Дароо айыл өкмөткө кайрылып, керектүү документтерди чогултуп, социалдык келишим программасына катталдым. Сурамжылоом тиешелүү комиссиялардан ийгиликтүү өтүп, 15 күндүн ичинде 100 миң сом кайтарымсыз каражат алууга жетиштим.

— Каражатты алгандан кийин бизнести кантип баштадыңыз?

100 миң сом каражатты алгач керектүү жабдууларды сатып алууга жумшадык. Муздаткыч, микротолкундуу меш, миксер жана башка зарыл шаймандарды алдык. Ошондой эле үйдөгү бар жабдууларды да колдонуп, ишти баштап кеттик. Ал эми торт жана таттууларга керектүү азык-түлүктөрдү кардарлардан алдын ала төлөм алып, ошол акчага сатып алчумун. Башында кыйынчылыктар көп болду, артка кеткен учурлар да болгон. Бирок, мамлекеттин мага көрсөткөн ишеними, жеке кызыгуум жана өжөр мүнөзүм менен бул сыноолордун баарына туруштук бере алдым.

WhatsApp Image 2025-07-16 at 16.48.32.jpeg

— Бизнес тармагы сиздин жашооңузга кандай оң өзгөрүүлөрдү алып келди? Үй-бүлөңүзгө кандай пайдасы тийди?

Албетте, бул жардамдын пайдасы абдан чоң болду. Анткени, буга чейин жолдошумдун айлык маянасы менен эле жашачубуз. Кайтарымсыз берилген 100 миң сомду алгандан кийин мен кондитердик үй ачып, учурда ошол дүкөн үй-бүлөбүздүн негизги киреше булагына айланды. Биздин эле үй-бүлө эмес, бул иш аркылуу башка адамдарга да жардам берип жатам. Жаңы жумуш орундарын түзүп, учурда кондитердик үйдө беш кыз эмгектенип жатат. Алар буга чейин узак убакыт жумуш издеп жүрүшкөн экен. Азыр ар бири өз ордунда иштеп, өз нандарын таап жатышат.

— Бүгүнкү күндө күнүмдүк кирешеңиз орточо канча? Сатуу тармагын кантип жолго койдуңуз? Канча дүкөн менен иштешесиз?

Күнүмдүк орточо кирешем 5–6 миң сомду түзөт. Иштин башында тортторду дүкөндөргө таратып сатууга аракет кылчубуз. Бирок, убакыт өтүп, байкасак, дүкөндөрдө торттор жакшы өтпөй, эскирип калып жатты. Мунун айынан кайра чыгымга кете баштадык. Мындан улам ресторандар жана жеке буйрутмалар менен иштешүүгө өттүм. Бул ыкма менен киреше кыйла көбөйдү. Жалпысынан, баарын убакыттын өтүшү менен үйрөнөт экенсиң, талдап, туура чечим кабыл алууну да билип калат экенсиң.

— Социалдык келишим аркылуу бизнес баштоону ойлоп жаткан жарандарга эмне айтаар элеңиз?

Айрыкча айымдарга айтаарым жөн гана үйдө отура бербегиле. Аракет кылсаң, сөзсүз жыйынтык болот экен. Канча тоскоолдук болбосун, сынбай, алдыга умтулуу керек. Ар бир кыйынчылыкты жеңе билгенде гана адам ийгиликке жетет. Учурда мамлекет тарабынан ишкерлерге чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Айыл өкмөткө кайрылып, кайтарымсыз каражат алып, каалаган бизнесиңди баштоого болот. Иштейм деген адамга азыр бардык тармакта шарт бар. Болгону ниет жана аракет керек. Мен социалдык келишим тууралуу сурагандарга дайыма айтып келем. Кичинекей болсо да ашкана ачып алгыла, себеби тамак-аш ар дайым жогорку суроо-талапка ээ жана кирешеси туруктуу. Өз тажрыйбама таянып көп аялдарга кеңеш берип келем.

WhatsApp Image 2025-07-16 at 16.48.32 (1).jpeg

— Буга чейин жөлөк пул алып жүргөнсүз. Сиздин оюңузча, жөн гана жөлөк пул алганга караганда, социалдык келишимдин алкагында колдоо алуу канчалык пайдалуу болду?

Балдарыма ай сайын 4 миң 200 сомдон жөлөк пул алып келчүмүн. Бул каражат күнүмдүк муктаждыктарга эле жетчү, андыктан аны чогултуп бизнес баштоо дээрлик мүмкүн эмес болчу. Социалдык келишим аркылуу кайтарымсыз 100 миң сом алуу мага үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду. Бул каражат менен керектүү жабдууларды сатып алып, өз ишимди баштадым. Азыр үйдө отуруп эле кошумча киреше таап, үй-бүлөмдү камсыздап жатам. Бул колдоо менен өзүмдү ишенимдүү сезип, алдыга дагы чоң максаттарды кое баштадым.

— Кандай жарнама же маркетинг ыкмаларын колдонуп жатасыз? Өндүрүштү кеңейтүү же жаңы продукциялар чыгаруу пландарыңыз барбы?

Азырынча өзүмдүн продукциямды Instagram аркылуу жарнамалап, ошол эле баракча аркылуу буйрутма кабыл алып иштеп жатам. Социалдык тармактар кардарлар менен түз байланышып, ишти өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк экенин түшүндүм. Келечекте кондитердик үйүмдү чоңойтуп, заманбап жабдуулар менен жабдылган кеңири цех ачуу максатым бар. Азырынча беш кызды иштетип жатсам, алдыда алардын санын дагы көбөйтүп, көптөгөн кыз-келиндерге туруктуу жумуш орундарын түзгүм келет. Келечекте “Куликов” сыяктуу таанымал, сапаттуу жана улуттук даамдарды да камтыган брендге айлангым келет. Өзүмдүн мисалым аркылуу башка кыз-келиндерге да шыктандыруу берип, мекенимдин өнүгүшүнө өз салымымды кошкум келет.