Соцфонд пенсияны мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оорулардын тизмесин жарыялады

Коом Загрузка... 31 Март 2025 10:31
WhatsApp Image 2025-03-31 at 10.22.45 (1).jpeg
copyright icon WWW

Бишкек 31.03.25 /Кабар/. Социалдык фонд пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмесин жарыялады.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тизмеге төмөндөгү оорулар кирет:

  1. Залалдуу шишиктер (бардык түрлөрү) II, III, IV стадиялары – Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациясынын 2-клиникалык тобу боюнча.
  2. Кан оорулары:
  • курч лейкоз (бардык түрлөрү);
  • апластикалык аз кандуулук;
  • гемофилия.

3. Кан айлануу органдарынын оорулары:

  • жүрөк кемтиги (тубаса же кабылдаган);
  • жүрөк ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу;
  • жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу (ангиопластика, коронардык шунтирлөө, өнөкөт аневризма жана жүрөк жетишсиздиги);
  • артерия оорулары, операция талап кылган магистралдык кан-тамыр бузулуусу;
  • облитерацияланган эндартериттин оор түрлөрү.

4. Боордун өнөкөт жетишсиздиги жана циррозу:

  • В жана С гепатиттери (4-5 стадиялары);
  • Орган трансплантациясын талап кылган же трансплантация жасаткан бейтаптар.

5. Бөйрөк жетишсиздиги (5-стадиясы) – гемодиализ талап кылган түрү.