Соң-Көлгө 4 миллиондон ашык балык чабагы коё берилди

Аймак Загрузка... 18 Март 2026 13:19
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Соң-Көлгө май-канат балыгынын 4 миллиондон ашык чабагы кое берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чабактар "Соң-Көл балык чарба" мамлекеттик ишканасы тарабынан коё берилди. 

Иш-чара суудагы балык запастарын көбөйтүүгө, биологиялык тең салмактуулукту сактоого жана балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.