Соң-Көлдөн мыйзамсыз салынган 8 миң метр тор чыгарылды

Аймак 15 Июнь 2026 10:45
724321131_122215352204341273_5757193554559523768_n.jpg
724270972_122215352198341273_497640573058625963_n.jpg
724230733_122215352072341273_7775965123941393180_n.jpg
724700727_122215352114341273_491973000102907366_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Соң-Көл көлүндө экологиялык абалды жакшыртуу жана балык ресурстарын сактоо максатында кезектеги ири рейддик иш-чара өттү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, "Соң-Көл балык чарбасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун милициясы менен биргеликте көлдүн акваториясын мыйзамсыз шаймандардан тазалашты.

Рейддин алкагында көлдөн мыйзамсыз коюлган, жалпы узундугу 8000 метрди түзгөн синтетикалык балык уулоочу торлор табылып, суудан чыгарылды.

Белгиленгендей, бул иш-чара Соң-Көлдүн экологиясын жакшыртууга, биологиялык ресурстарын коргоого жана көлдүн мелиоративдик абалын калыбына келтирүүгө багытталган.

Учурда Соң-Көлдү браконьерлик торлордон тазалоо жана коргоо иштери улантылууда.