Кезектеги рейд: Соң-Көлдөн 37 миң метр синтетикалык тор чыгарылды

Аймак Загрузка... 08 Июль 2026 14:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Соң-Көлдө экологиялык абалды жакшыртуу жана балык ресурстарын сактоо максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Рейд "Соң-Көл балык чарбасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, анын алкагында жалпы узундугу 37 миң метрди түзгөн мыйзамсыз торлор чыгарылды.

Аталган иш-чаралар Соң-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, биологиялык ресурстарын коргоого жана көлдүн мелиоративдик абалын калыбына келтирүүгө багытталган.