Соң-Көлдөн 300 метрден ашык мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды

Аймак 24 Июль 2026 15:10
753170018_1679681010001369_8546509494950285133_n.jpg
753231440_1309947384553543_7170919463912805989_n.jpg
753260175_2259322374813585_8351318187692027536_n.jpg
754278723_1022537550476373_1830484980920519960_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Нарын ОИИБ

Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Нарын облусундагы Соң-Көл көлүнөн 300 метрден ашык мыйзамсыз синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды.

Нарын облустук милициясынан билдиришкендей, торлор балык ресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө аныкталган. Алар белгиленген тартипте алынып, жок кылуу үчүн тиешелүү чаралар көрүлдү.

Милиция жарандарды жаратылышты коргоого жана балык уулоо боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоого чакырды.