Соң-Көлдө сейрек кездешүүчү чоң козу карын табылды

Аймак 121 13 Август 2026 13:00
83ed938d-44d3-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
6d2b9f61-df16-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
a2ee5053-44e4-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
a40dbdcd-360b-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Сергей Глуховеров

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Соң-Көлдүн аймагынан адаттан тыш чоң көлөмдөгү ак козу карын табылды. Табылган козу карындын сүрөттөрүн туркомпаниянын негиздөөчүсү Сергей Глуховеров социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Маалыматка ылайык, бул - шампиньондор тукумуна кирген головач, башкача айтканда кальвация козу карыны. Сүрөттөрдөн анын көлөмү кадимки козу карындарга салыштырмалуу кыйла чоң экени көрүнөт.

Головач козу карыны жаң чыккан учурда, анын эти тыгыз, серпилгич жана ак бойдон турганда гана жегенге жарактуу болуп эсептелет. Бышып жетилген сайын анын түзүлүшү жана түсү өзгөрөт.

Соң-Көлдөн табылган өзгөчө чоң козу карын социалдык тармактарда кызыгуу жаратып, колдонуучулар анын көлөмүн кызуу талкуулашууда.