СНОС Нарынга жетти. Мыйзамсыз курулуштар алынууда

Аймак 11 Сентябрь 2025 10:30
546223851_1824192001506733_3305475305188489095_n.jpg
546431999_1824191421506791_3825116468230477353_n.jpg
545551256_1824191441506789_1745381644829776200_n.jpg
545921865_1824191364840130_2224150538126765803_n.jpg
545889983_1824191361506797_1344898650176071636_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Нарын шаардык мэриясы

Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. Нарын шаарында көп кабаттуу турак жайлардын айланасына мыйзамсыз курулуштарды алуу боюнча иштер жүрүүдө.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, аталган иш-чаралардын алкагында гараждар, складдар, очокканалар, тосмолор сыяктуу эски жана өзүм билемдик менен курулган курулуштар алынууда. Алардын ордуна бир типтүү, заманбап гараждар куруу пландалган.

Белгиленгендей, учурда шаарчанын аймагындагы жалпы 16 эскирген курулуш бузулуп, темир гараждар жана башка жайлар алынган.

Бул аракеттердин негизги максаты:

  • Шаардын көркүн оңдоо,
  • Жер аянттарын сарамжалдуу пайдалануу,
  • Заманбап, бир типтүү курулуштарды орнотуу,
  • Турак жай аймактарын натыйжалуу башкаруу.

"Урматуу жашоочулар! Көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы мыйзамсыз курулуштарды өз ыктыярыңыз менен алуу менен шаарыбыздын өнүгүшүнө салым кошуңуз. Мыйзамсыз курулуштарга уруксат берилбей турганын эскертебиз!",-деп айтылат маалыматта7