Сүлүктүдө мурдагы оорукананын имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

Аймак 1080 11 Март 2025 14:32
WhatsApp Image 2025-03-11 at 12.48.53.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-11 at 12.48.52.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-11 at 12.48.53 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-11 at 12.48.53 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-03-11 at 12.48.53.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-11 at 12.48.52.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-11 at 12.48.53 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-11 at 12.48.53 (2).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Сүлүктү шаарындагы мурдагы мамлекеттик оорукананын имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Сүлүктү шаарындагы мурдагы мамлекеттик оорукананын имараты жанаша жайгашкан жалпы 0,88 га аянты менен мамлекетке кайтарылды. 2010-жылдын декабрында ачык аукцион аркылуу аталган оорукананын имараты КРнын Жер кодексинин 78-беренесинин 2-пунктун бузуу менен көмүр казуучу компанияларга жеке менчикке сатылган. Кийинчерээк Сүлүктү шаарындагы мурдагы оорукананын имараты максатсыз пайдаланылып, бузулуп, иштебей калган.

Сүлүктү шаары, Студенческая көчөсү дарегинде жайгашкан 0,88 га жер тилкеси менен мамлекеттик оорукананын имараты көмүр казуучу ишканалар менен түзүлгөн келишимге ылайык, Сүлүктү шаардык мэриясынын балансына ыктыярдуу түрдө кайрадан каттоодон өткөрүлгөн.