Баткенде үч эм төрөлдү: Үчөө тең эркек балдар

Аймак 03 Июнь 2026 10:25
710755919_2773870906344575_4826501428896590522_n.jpg
710756068_2773870963011236_1061293702269650627_n.jpg
Алдыга
Артка
710755919_2773870906344575_4826501428896590522_n.jpg
710756068_2773870963011236_1061293702269650627_n.jpg
Алдыга
Артка

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Баткен облусунда үч эм төрөлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Лейлек районунун Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси Алымкул Абдиев кабарлады.

Анын айтымында, ымыркайлардын энеси 32 жаштагы Назира Кенжебаева. Ал 26-майда көз жарган. Учурда эне менен үч эмдин абалы жакшы.

“Бул эненин экинчи төрөтү болуп саналат. Үч эм тең эркек балдар. Азыр алардын абалы канааттандырарлык. Эне жана балдар дарыгерлердин көзөмөлүндө”, - деди дарыгер.

Сүрөт: Баткен таңы гезити