Дарыгерлер бир эмес, төртөөбүздүн өмүрүбүздү сактап калды – үч эмдин апасы

Коом Загрузка... 15 Май 2026 14:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда үч эм эркек бала жарык дүйнөгө келген. Бүгүн ымыркайлардын жана эненин абалы турукташкан соң, алар үйлөрүнө чыгышты.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башкы дарыгер-акушери Айнагүл Эшалиеванын айтымында, учурда балдардын абалы канааттандырарлык.

WhatsApp Image 2026-05-15 at 10.35.40 (4).jpeg
“35 жаштагы Фатима биздин перинаталдык борборго кош бойлуулуктун өтө оор патологиясы менен түшкөн. Бул патологияны дарылоо мүмкүн эмес, бир гана төрөтүү жолу менен чечилет. Бирок, кош бойлуулук мөөнөтү 31 жума гана болгонун, эненин жашын жана бул көптөн күткөн кош бойлуулук экенин эске алып, биз максималдуу түрдө мөөнөтүн узартууга аракет кылдык", - деди дарыгер.

Анын айтымында, бейтап реанимацияда жана патология бөлүмүндө тыкыр көзөмөлдө болгон.

WhatsApp Image 2026-05-15 at 10.35.38 (3).jpeg
"Магнезиалдык жана гепотензивдик терапиянын жардамы менен биз кош бойлуулукту 35 жумага чейин жеткире алдык. Бул балдардын жашоого болгон мүмкүнчүлүгүн арттырып, салмак кошуусуна шарт түздү. Төрөт пландуу түрдө кесарево жолу менен ишке ашып, үч эркек бала төрөлдү. Алардын салмагы 1800, 2300 жана 2400 граммды түздү. Ымыркайлар бир топ убакыт реанимацияда кычкылтек менен дем алышты. Эң башкысы – балдарда эч кандай тубаса кемтиктер же патологиялар табылган жок, алар болгону убактысынан эрте төрөлдү. Бүгүн алар активдүү, салмак кошуп, үйгө чыгууга даяр. Мындан ары да биз аларга консультациялык колдоо көрсөтүп, мониторинг жүргүзүп турабыз”, – деди дарыгер.
WhatsApp Image 2026-05-15 at 10.35.38 (1).jpeg

Үч эмдин апасы Фатима Султанбек кызы балдарынын абалы жакшы экенин айтып, дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

WhatsApp Image 2026-05-15 at 10.35.39 (1).jpeg
“Балдарымдын абалы жакшы, кудай буюруса үйгө чыгып жатабыз. Биз бул ооруканада эки жарым айдан ашык жаттык. Бул убакыттын ичинде кенже кызматкерлерден баштап бөлүм башчыларга, дарыгерлерге чейин баары менен жакындан таанышып, бир туугандай болуп калдык. Оорукананын жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдирем. Мен бул ооруканага абдан оор абалда келген элем, дарыгерлер бир эмес, төртөөбүздүн өмүрүбүздү сактап калышты. Балдарымды да абдан жакшы карашты, баарына рахмат”, – деди ал.
WhatsApp Image 2026-05-15 at 10.35.39 (2).jpeg