Бишкек, 10.10.26. /Кабар/. Сүймөнкул Чокморовдун Чоң-Таштагы үйү үй-музейге айландырылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чүй облусунун 100 жылдыгын белгилөө аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы регионду өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер жүрүп жатканын белгилеп, быйыл Турукташтыруу фондунан Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүнгөнүн эске салды. Ал каражатка облустун аймагында жаңы социалдык объекттер курулуп, өндүрүш ишканалары ачылды.
“Биздин экономикалык алга жылууларыбыз албетте, куштун эки канатындай болуп, маданий иш-аракеттер менен да коштолушу абзел. Буюрса, Түлөберди баатырга арналган илимий иш-чара, кыргыздын биринчи муундагы залкарлары жетилип чыккан Токмоктогу жетим балдар үйүн калыбына келтирип, маданий-билим берүү жайына айлантуу, Сүймөнкул Чокморов агабыздын Чоң-Таштагы үйүн үй-музейге айландыруу жана башка бир топ иш-мерчемдерибиз бар”, — деди президент.