Залкар сүрөтчү Тургунбай Садыковдун 90 жылдыгы белгиленди

Маданият
885312860_1117827254558753_6134279270799506960_n.jpg
886725859_1669015171258598_5284063149328841680_n.jpg
886726003_1669015134591935_7933848905076701956_n.jpg
886726027_1669015224591926_2227295932622485542_n.jpg
887059273_1669015081258607_8126283206235559426_n.jpg
887291793_1669015024591946_8505641345077414358_n.jpg
887612666_1669015141258601_2404171946444734013_n.jpg
887738003_1669015084591940_130989667979448_n.jpg
888564231_1669015027925279_1805023936877116941_n.jpg
888914016_1669015197925262_1192852970193958583_n.jpg
890458485_1766610441551633_5606656914757344740_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Бишкекте КР баатыры, эл сүрөтчүсү, академик Тургунбай Садыковдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чара Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында уюштурулуп, ага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, министрлер кабинетинин өкүлдөрү, депутаттар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери жана чыгармачыл интеллигенция катышты.

Салтанатта сүрөтчүнүн өмүр жолу, чыгармачылыгы жана кыргыз искусствосуна кошкон салымы тууралуу видеотасма көрсөтүлдү. Катышуучулар анын улуттук скульптура искусствосундагы ордун белгилеп, мааракеси менен куттукташты.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Тургунбай Садыковдун таланты Баткен жергесинде калыптанып, кийин кыргыз элинин руханий казынасын байыткан дүйнөлүк деңгээлдеги чыгармаларга айланганын айтты.

Белгилей кетсек, Тургунбай Садыков 1935-жылы Баткен районунун Говсувар айылында туулган. Ал Социалисттик эмгектин баатыры, КР баатыры, СССРдин жана Кыргызстандын эл сүрөтчүсү, Ленин жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, академик.

Маараке майрамдык концерттик программа менен жыйынтыкталды.