Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Бишкекте 15-ноябрда заманбап бий өнөрүн өнүктүрүүгө жана жаш таланттарды колдоого багытталган United Dance Weekend эл аралык фестивалы өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында заманбап хореография боюнча чемпионат өткөрүлөт. Катышуучулар өз өнөрлөрүн эл аралык калыстар тобуна тартуулашат. Анын курамына Австралиядан Caetlyn Watson жана Ирландиядан Kerrie Milne кирген.
"Фестиваль ар кайсы өлкөлөрдүн бийчилерин бириктирип, тажрыйба алмашууга жана чыгармачылык байланыштарды өнүктүрүүгө шарт түзөт",-деп айтылат маалыматта.