Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. 11-ноябрда А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында акын Майрамкан Абылкасымованын 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.
Анда белгиленгендей, иш-чарада акындын өмүр жолу жана чыгармачылыгы эскерилип, ырлары көркөм окулат.
"Эскерүү кечесине мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрү, адабият таануучулар, акындын замандаштары жана чыгармачылыгын баалаган окурмандар катышат",-деп айтылат билдирүүдө.