Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. “Азаттыктын” тажик кызматынын башкы редактору Сироджиддин Толибов Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара келишиминин кабыл алынышын тажиктер кандай кабыл алганын айтып берди.
“Тажикстанда да Кыргызстандагыдай эле тарыхый окуя катары кабыл алышты. Бул тууралуу бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес маалымат каражаттары да жазышууда. Эл бул келишимдин чоо-жайын билбесе да, ар бир адам чырдан көрө жаман тынчтык жакшы деп жатышат. Ал эми Тажикстандын көптөгөн өкмөтчүл басылмалары бул улут лидери, президент Эмомали Рахмондун тарыхый ийгилиги деп белгилешет. Бирок келишимдин чоо-жайы азырынча көпчүлүккө белгисиз. Бирок мен калктын басымдуу бөлүгү, өзгөчө талаштуу аймактарда жашагандар үчүн бул аймактык бүтүндүк жана эки өлкөнүн мамилесин жакшыртуу үчүн тарыхый окуя деп эсептейм. Элге жакшы коңшулук соода-алака керек. Эл тынчтыкты жана жаңжал башталганга чейин болгон эски мамилелерди каалайт. Эгерде 25 жыл мурун эле бул келишим түзүлгөндө, эч ким курман болмок эмес. Бул элдин эсинде жана жакшы билет. Чындыгында чоң жетишкендик”,- деди ал.