Италия менен Испания чек ара көзөмөлүн жоюуну көздөп жатат

Дүйнө
Италия менен Испания чек ара көзөмөлүн жоюуну көздөп жатат
copyright icon WWW

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Италия менен Испания эки өлкөнүн ортосунда каттаган саякатчыларга карата киргизилген убактылуу чек ара көзөмөлүн жоюуну пландап жатат.

АЗЕРТАЖ агенттигинин маалыматына ылайык, бул маселе Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони менен Испаниянын өкмөт башчысы Педро Санчестин Европа биримдигинин саммитинин алкагындагы жолугушуусунда талкууланган.

Италия көзөмөл чараларын дагы 7 күнгө узартып, аны Испаниядагы чектөөлөрдүн аяктоо мөөнөтү менен шайкеш келтирүүнү көздөп жатат. Эки өлкөнүн ички иштер министрлери жакынкы күндөрү бул чараларды жоюу маселесин да талкуулашат.

Италия Испаниядан келген жүргүнчүлөргө карата аба жана деңиз чек араларында текшерүүлөрдү 1-августта киргизген. Буга Сеутадагы миграциялык кризис себеп болгон. Буга жооп катары Испания да Италиядан келген саякатчыларды тандап текшере баштаган. Андан бери эки өлкө тең чектөөлөрдүн мөөнөтүн бир нече жолу узарткан.