Сириянын Улуттук музейинен байыркы айкелдер уурдалды

Дүйнө Загрузка... 13 Ноябрь 2025 09:20
5d4f3190-a529-4c79-9d4e-be5e31131427.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.11.25 /Кабар/. Сириянын Улуттук музейинен баалуу байыркы айкелдер уурдалды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, жоголгон экспонаттардын катарында байыркы Рим мраморунан жасалган алты айкел бар.

Уурулук фактысы 10-ноябрда музей кызматкерлери эшиктердин бирин күч менен ачылган абалда тапкандан кийин аныкталган.

1919-жылы негизделген Улуттук музей — Сириянын эң байыркы жана маанилүү археологиялык коллекцияларын сактаган мекеме. Анын фондунда Угарит шаарынан табылган биздин заманга чейинки 14-кылымга таандык алфавит жазуулары, Пальмира шаарынан алынган грек-рим скульптуралары, ошондой эле биздин заманга чейинки 3-кылымда курулган Дура-Европос шаарындагы синагогага байланыштуу экспонаттар бар.

Сирияда жарандык согуш башталгандан кийин, 2012-жылы музей жабылууга мажбур болгон. Коллекциянын чоң бөлүгү жашыруун жайларга көчүрүлгөн. Музей 2018-жылы жарым-жартылай кайра ачылып, 2025-жылдын январынан тарта толук кандуу ишин жанданткан.

Учурда айкелдерди издөө иштери жана иликтөө жүргүзүлүүдө.