Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Сириядагы согуш аракеттерине катышкан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал издөөдө жүргөн Ош облусунун тургунун азгыруусуна кабылган. Андан соң Түркия аркылуу Сирияга барып, "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмунун катарына кошулганы аныкталган.
Сурак учурунда кармалган жаран күнөөсүн моюнуна алып, көрсөтүлгөн адамды тааныганын айткан. Ошондой эле аталган террористтик уюмдун катарында көпкө болбой, Сириянын аймагынан чыгып, өлкөгө кайтып келген.
Учурда УКМК тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.