Сирияда 31-мартка чейин салык төлөөчүлөр айып пулдардан бошотулат

Дүйнө Загрузка... 12 Декабрь 2025 13:10
WhatsApp Image 2025-12-12 at 05.29.00.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Сирияда 31-мартка чейин салык төлөөчүлөр пайыздардан жана айып пулдардан толук бошотулат. Бул тууралуу Сириянын SANA расмий маалымат агенттигинин маалыматына таянып, Анадолу агенттиги жазды.

Анда белгиленгендей, 2024-жылга жана андан мурунку мезгилге салыктарды жана жыйымдарды кечиктирип төлөө үчүн карала турган пайыздар, айып пулдар президенттин жарлыгы менен алып салынды.

2026-жылдын 31-мартына чейин салык төлөгөн салык төлөөчүлөр пайыздардан жана айып пулдардан толук өлчөмдө бошотулат, ал эми 2026-жылдын 1-апрелинен 30-июнуна чейинки мезгилде салык төлөгөндөр сумманын жарымынан бошотулат.