Синьхуа: ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКлары өз ара ишенимди бекемдөөгө салым кошуусу керек

ШКУ Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 11:10
WhatsApp Image 2026-07-27 at 11.11.39.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ЖМКлары жана аналитикалык борборлору мамлекеттер ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөөгө, кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана аймактагы тынчтык менен туруктуулукту камсыздоого маанилүү салым кошуусу зарыл. Бул тууралуу Кытайдын Синьхуа маалымат агенттигинин башкы директорунун орун басары Си Яньчунь ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКлары жана аналитикалык борборлорунун форумунда билдирди.

Анын айтымында, ШКУ түзүлгөнүнө быйыл 25 жыл толуп, бул мезгил аралыгында уюмга мүчө мамлекеттер биргелешкен аракеттер аркылуу өнүгүүнү көздөп, тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоодо маанилүү иштерди аткарып келет.

"25 жыл ичинде мүчө мамлекеттер биримдикте аракеттенип, биргелешип өнүгүүгө умтулуп, ШКУ алкагында ЖМКлар жана аналитикалык борборлор маанилүү миссияны аткарып, аймактык жана дүйнөлүк тынчтык менен туруктуулукту бекемдөөдө көпүрө ролун аткарып келет", — деди Си Яньчунь.

Ал белгилегендей, Синьхуа агенттиги ар дайым ШКУнун тарыхын жана жетишкендиктерин дүйнөгө таанытууга, уюмдун үнүн эл аралык коомчулукка жеткирүүгө аракет кылып келет.

Си Яньчунь форумдун катышуучуларына беш негизги демилгесин сунуштады.

Биринчи багыт катары ал айырмачылыктарга карабастан жалпы максаттарды табуу жана өз ара ишенимди бекемдөө зарылдыгын белгиледи. Анын пикиринде, ЖМКлар жана аналитикалык борборлор өлкөлөрдүн элинин ортосундагы түшүнүшүүнү күчөтүп, жалпы баалуулуктарды жайылтууга көмөктөшүшү керек.

Экинчи багыт — өз ара пайдалуу кызматташтыкты жана биргелешкен өнүгүүнү колдоо. Ал ЖМКлар менен аналитикалык борборлор экономикалык интеграция, тажрыйба алмашуу жана өлкөлөрдүн өнүгүү саясаты боюнча изилдөөлөрдү күчөтүшү керектигин айтты.

Үчүнчүдөн, Си Яньчунь ачыктыкты жана маданий-гуманитардык байланышты өнүктүрүүгө чакырды. Анын айтымында, ШКУ мейкиндиги байыркы цивилизациялардын, ар түрдүү маданияттардын жана элдердин өз ара байланышкан аймагы болуп саналат.

Төртүнчү багыт катары ал адилеттүүлүккө жана көп тараптуу кызматташтыкка колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. "Бүгүнкү өзгөрүп жаткан дүйнөдө ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКлары жана аналитикалык борборлору биримдикти, кызматташтыкты жана эл аралык адилеттүүлүктү жактаган идеяларды жайылтуусу керек", — деди ал.

Бешинчи багыт — натыйжалуу жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү. Си Яньчунь ЖМКлар жана аналитикалык борборлор биргелешкен журналисттик иликтөөлөрдү, изилдөөлөрдү жана эксперттик материалдарды даярдоо боюнча туруктуу иш алып баруусу зарылдыгын айтты.

Ошондой эле Синьхуа агенттиги форумдун алкагында эки аналитикалык баяндамасын сунуштай турганын билдирди.

Анда ШКУнун 25 жылдык ишмердигинин жыйынтыктары, ошондой эле мындан аркы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү талданат.

Си Яньчунь ЖМКлар жана аналитикалык борборлор элдердин ортосундагы түшүнүшүүнү күчөтүп, көп тараптуу кызматташтык идеяларын кеңири жайылтууда маанилүү роль ойной турганын кошумчалады.

"Көз караштар жана идеялар чек ара менен чектелбейт. ШКУнун жалпы үй-бүлөсүндөгү ЖМКлар жана аналитикалык борборлор өзгөчө жоопкерчиликти аркалап, биримдикке, өз ара ишенимге жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген өнүгүү жолунда биргелешип иштеши керек", — деди ал.