Сингапурлук компания Кыргызстанда күн панелдерин өндүрүүнү пландоодо

Экономика Жүктөлүүдө... 07 Июль 2026 17:45
741379767_2389169738261763_6383529661936388481_n.jpg
740356317_1723252995664346_3474345198707466607_n.jpg
741464710_4285758588404080_4172643573607639137_n.jpg
741838725_1704389370685749_1670320626886682493_n.jpg
740153062_1984849658901476_726468200301967152_n.jpg
740508061_1947299085987492_1691926161293272565_n.jpg
740812679_2312184916194671_1382624148199194210_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. Бүгүн экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Б

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга ошондой эле Энергетика министрлигинин жана Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү катышты.

Суйлөшүүнүн алкагында Кыргызстандын аймагында долбоордук кубаттуулугу 2 ГВтка чейин болгон жогорку натыйжалуу фотоэлектрдик (күн) элементтеринин заманбап өндүрүшүн түзүү маселеси талкууланды.

"Бул демилге сингапурдук компаниянын күн энергетикасы продукциясын жеткирүүнүн глобалдык чынжырчасын кеңейтүүгө багытталган негизги чет өлкөлүк долбоорлорунун бири болуп саналат. Мындан тышкары, тараптар жогорку технологиялык өндүрүштү локалдаштыруу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча пикир алышты", - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында тараптар "жашыл" энергетика жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууну жана мүмкүн болгон өндүрүш аянттары менен таанышуу үчүн сапарларды уюштурууну макулдашышты. Бул инвестициялык демилге өлкөнүн энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатына толугу менен шайкеш келери белгиленди.