Сингапурга 52 грамм героин алып келген адам өлүм жазасына тартылды

Дүйнө Загрузка... 13 Октябрь 2025 10:22
3.jpg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Сингапурда 38 жаштагы Малайзиянын жараны Паннер Сельвам 52 грамм героин алып келгендиги үчүн өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Паннер Сингапурга 51,84 грамм героин (диаморфин) алып өткөнү үчүн соттолгон. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук баңгизаттарга каршы күрөш бюросу билдирген.

2014-жылдын 3-сентябрында ал мотоцикли менен Вудлендс чек ара өткөрүү пунктунан өтүп бара жатып, текшерүүгө алынган. Жүк салгыч бөлүгүнөн бир таңгак порошок сымал зат табылган. Андан тышкары, анын бутунан дагы үч таңгак зат алынган.

Сингапурдун Баңгизатты кыянат пайдаланууга каршы мыйзамына ылайык, эгер баңгизатынын көлөмү 15 граммдан ашса, өлүм жазасы каралган. Бюронун маалыматына караганда, 51,84 грамм героин бир жуманын ичинде болжол менен 620 баңгизатка көз каранды адамдын муктаждыгын жабууга жетиштүү.

Паннер бир нече жолу сотко жана президентке ырайым сурап кайрылган, бирок анын алты арызы тең четке кагылган.

Бюро белгилегендей, Сингапурда өлүм жазасы эң оор кылмыштар үчүн колдонулат. Айрыкча, баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу же жүгүртүү коомчулукка, анын ичинде аны колдонгондордун үй-бүлөлөрүнө да чоң зыян алып келет.