Бишкек, 02.12.25 /Кабар/. Сингапурда өткөн аптада баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн эки күн ичинде үч адам өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, ушуну менен быйыл өлкөдө жалпысынан 17 адам өлүм жазасына тартылып, бул 2003-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болду.
Акыркы өлүм жазасы өлкөдө баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн милдеттүү өлүм жазасы боюнча конституциялык каршы пикир каралаардан бир жума мурун аткарылган.
Сингапурда бул мыйзамга каршы чыккан активисттердин айтымында, баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн милдеттүү түрдө өлүм жазасын колдонуу — жашоого болгон укукту жана мыйзам алдындагы теңдикти бузат. Себеби, бул конституцияга каршы келет.
Бирок, Сингапур өкмөтү бул жазанын катаалдыгы өлкөдө баңгизатка каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүүгө өбөлгө түзүп жатат деп ишендирет.
2023-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, Сингапур жарандарынын жана туруктуу жашоочуларынын 69%ы чоң көлөмдө баңгизат жүгүрткөндөргө карата өлүм жазасын колдой турганын билдиришкен.
Бул көрсөткүч өкмөттүн коомдук колдоого ээ экенин да көрсөтүп турат.