Франциядагы нааразылык акцияларында 1 435 адам кармалды

Дүйнө
Франциядагы нааразылык акцияларында 1 435 адам кармалды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Францияда 24-октябрда өткөн нааразылык акцияларында коомдук тартипти бузгандыгы үчүн кармалгандардын саны 1 435ке жетти. Бул тууралуу Интерфакс билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-октябрга карата кармалгандардын саны 1 314тү түзгөн. Ал эми акыркы маалымат боюнча, бул көрсөткүч дагы 121 адамга көбөйгөн.

Нааразылык акциялары учурунда 267 укук коргоо кызматкери жана 250гө жакын жай тургун жабыркаган. Алардын үчөө — Тулуза, Реймс жана Клермон-Ферран шаарларында — оор жаракат алган.

Окуялар боюнча Улуттук полициянын башкы инспекциясы тергөө жүргүзүүдө.

Ошондой эле Франциянын аймактарында коменданттык саат киргизүү улантылат. Алдыдагы дем алыш күндөрү коомдук тартипти камсыздоо үчүн полициянын күчөтүлгөн курамы тартылат. Бул чаралар ишемби күнү Хэллоуин майрамына туш келген нааразылык акцияларына байланыштуу кабыл алынууда.

Франциянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн ишембидеги нааразылык акцияларына өлкө боюнча 410 миң адам катышкан. Алардын 110 миңи Парижде болгон.

Ал эми өлкөдөгү ири кесиптик бирикмелердин бири — Жалпы эмгек конфедерациясы акцияга катышкандардын санын кыйла жогору баалап, өлкө боюнча 800 миң, Парижде 250 миң адам чогулганын билдирген.