Шыкмаматов комбанктар менен бизнес үчүн салык жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү талкуулады

Экономика 828 27 Январь 2025 14:48
474960009_907078054930836_2395270739886740795_n.jpg
474749297_907078138264161_2702642371450181810_n (1).jpg
474931171_907078061597502_2857010413795876392_n.jpg
475100289_907078144930827_5460774694896971707_n.jpg
475313960_907078058264169_8602322763789065014_n.jpg
Алдыга
Артка
474960009_907078054930836_2395270739886740795_n.jpg
474749297_907078138264161_2702642371450181810_n (1).jpg
474931171_907078061597502_2857010413795876392_n.jpg
475100289_907078144930827_5460774694896971707_n.jpg
475313960_907078058264169_8602322763789065014_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандагы коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон маалымлашкандай, жолугушууда талкуунун негизги темасы бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн Салык кызматы менен банк секторлорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу болду.

Жолугушуунун алкагында банктардын өкүлдөрү Салык кызматынын электрондук кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алууга кызыкдар экендигин билдиришти. Алардын пикири боюнча бул, ишкерлерди колдоо жана алардын салык органдары менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Өз кезегинде Шыкмаматов салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуунун жана бизнес үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Салык кызматынын башчысы белгилегендей, коммерциялык банктар менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү ыңгайлуу салык чөйрөсүн түзүү жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.

Жолугушуунун жыйынтыгында Шыкмаматов Салык кызматы менен коммерциялык банктардын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча демилгелерди ишке ашырууга мүмкүндүк бере турган ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Тараптар ишкердик субъекттери үчүн салык жол-жоболорунун ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган, биргелешкен долбоорлордун үстүндө иштөөнү улантууну макулдашышты.