Ысык-Көл, 04.09.26. /Кабар/. Кыргызстанга Швейцариядан келген туристтер өлкөнүн кооз жаратылышына, тоолоруна жана элинин меймандостугуна суктанышууда.
Туристтердин бири Лукас Верли “Кабар” агенттигине Кыргызстандын тоолору Швейцариянын тоолоруна окшош экенин белгилеп, өлкөнүн жаратылышы абдан жакканын айтты.
Ошондой эле меймандар кыргыз элинин ачык-айрымдыгын, меймандостугун жана ак көңүлдүгүн өзгөчө белгилешти. Алар кыргыздын улуттук тамак-аштары да абдан даамдуу экенин айтып, жергиликтүү ашканадан ырахат алып жатышканын билдиришти.
Швейцариялык туристтер Кыргызстан менен өз өлкөсүнүн ортосунда айрым маданий жана спорттук окшоштуктар бар экенин да айтышат.
Конокор Швейцарияга кайткандан кийин Кыргызстан тууралуу жакындарына жана досторуна сөзсүз айтып берерин, ошондой эле келечекте өлкөгө кайра келүүнү пландап жатышканын билдиришти.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.