Швейцарияда ысыктан улам атомдук электр станциясы жарым-жартылай өчүрүлдү

Дүйнө 943 04 Июль 2025 13:27
WhatsApp Image 2025-07-04 at 13.18.14.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-04 at 13.18.14 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-07-04 at 13.18.14.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-04 at 13.18.14 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Швейцариянын Ааргау штатында ысыктан улам “Безнау” атомдук электр станциясы жарым-жартылай өчүрүлдү. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Маалыматка караганда, учурда бир реактор толугу менен өчүрүлүп, экинчиси 50% кубаттуулукта иштеп жатат.

Станциянын оператору Axpo өчүрүү аймактагы Ааре дарыясындагы суунун температурасынын жогору болушунан улам келип чыкканын билдирген.

“Реакторлорду муздатуу үчүн колдонулган сууну кайра ысып кеткен дарыяга куюу жергиликтүү фаунага жана флорага зыян келтириши мүмкүн”,-деген ал.