Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. Швейцария АКШнын президенти Дональд Трампка кымбат баалуу белектерди берген соң АКШдагы импорттук алымдарды кескин төмөндөтүүгө жетишкен. Бул тууралуу Axios порталы маалымдайт.
Басылманын маалыматы боюнча, Берн АКШга алдыңкы өнөр жайчылардын делегациясын жөнөткөн, алар Трампка бир килограммдык алтын куймасын жана Rolex саатын белек кылышкан. Алтын куймага «45» жана «47» сандары жазылган — бул америкалык лидердин эки президенттик мөөнөтүн билдирет.
Буга чейин АКШнын соода өкүлү Джеймисон Грир Швейцария үчүн тарифтерди 39%дан 15%га чейин төмөндөтөөрүн жарыялаган. Ал эми Швейцария Трамптын президенттигинин аягына чейин АКШнын экономикасына 200 миллиард доллар инвестиция салууга убада берген.