Альп тоолорунда мөңгүлөрдүн көлөмү 20%га кыскарды

Дүйнө 2 октябрь 2026 10:20
Альп тоолорунда мөңгүлөрдүн көлөмү 20%га кыскарды

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Швейцариянын Альп тоолорундагы мөңгүлөрдүн көлөмү акыркы беш жылда дээрлик 20%га кыскарган. Бул тууралуу Казинформ Анадолу агенттигине шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, Альп тоолорундагы мөңгүлөрдүн өзгөрүшү тууралуу отчетту Швейцариянын мөңгүлөрдү мониторингдөө тармагы (GLAMOS) жана Швейцария Илимдер академиясынын криосфераны мониторингдөө комиссиясы (SCNAT) даярдаган.

Документте Швейцарияда быйыл майдан сентябрга чейин байкалган катуу ысык аптап, кар аз жааган кыш менен айкалышып, мөңгүлөрдүн дагы бир ири масштабдагы азайышына алып келгени белгиленген.

2026-жылы Швейцариянын мөңгүлөрү кайрадан катуу эрип, муз массасынын 5%дан ашыгы жоголгон. Мөңгүлөрдүн орточо калыңдыгы 2,5 метрден 4 метрге чейин азайган. Акыркы беш жылда эле Швейцариядагы мөңгүлөрдүн көлөмү дээрлик 20%га азайган, деп айтылат отчетто.

Негизги себеби жаан-чачындын жетишсиздиги болгон.

Ысык жана аз жааган кардын мөңгүлөрдүн эришин тездеткен.

Отчетко ылайык, июль жана сентябрь айларынын аралыгында мөңгүлөр жалпысынан болжол менен 2,2 трлн литр сууну жоготушкан. Бул швейцариялык үй чарбаларынын жылдык ичүүчү сууну керектөөсүнөн төрт эсе көп.