Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Швейцариянын футбол боюнча улуттук курамасы АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын 1/8 финалдык баскычында Колумбия командасын пенальти сериясында утту. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.
Маалыматка ылайык, оюн Ванкувер шаарында өттү. Швейцария курамасы чейрек финалга чыгып, дүйнө чемпионаттарындагы эң мыкты көрсөткүчүн кайталады. Буга чейин алар мындай жыйынтыкка 1934, 1938 жана 1954-жылдары жетишкен.
Ал эми Колумбия курамасы дүйнө чемпионатынын чейрек финалына буга чейин бир гана жолу — 2014-жылы чыккан.
Эми швейцариялыктар 11-июлда чейрек финалда Канзас-Ситиде Аргентина курамасы менен беттешет. Ф
Белгилей кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 19-июлда жыйынтыкталат.