Швейцария 2026-жылга президентин шайлады

Дүйнө Загрузка... 12 Декабрь 2025 09:30
d480ef5a-1912-4e6a-85c0-b00b7a2bd938.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.12.25 /Кабар/. Швейцариянын экономика министри Гай Пармелин 2026-жылга өлкөнүн президенти болуп шайланды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Швейцариянын Элдик партиясынын өкүлү Пармелин 210 жарактуу бюллетендин ичинен 203 добуш алып, өткөн кылымдын башынан берки рекордду жаратты.

66 жаштагы Пармелин келерки жылы кызматка киришет жана Сент-Галлен кантонунан чыккан Карин Келлер-Суттердин ордун алмаштырат.

Швейцарияда президент парламент тарабынан шайланат жана көпчүлүк өлкөлөрдөн айырмаланып, реалдуу аткаруу ыйгарым укуктары жок.

Президент — өлкөнүн жамааттык башкаруучу органы болгон Федералдык кеңештин жети мүчөсүнүн бири гана. Алар жыл сайын ротациялык негизде президенттик кызматты аркалап турушат.

Гай Пармелин буга чейин АКШ менен тарифтерди төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдө маанилүү ролду ойногон.