Швецияда балыкчы жер алдынан байыркы казынаны таап алды

Дүйнө Загрузка... 31 Октябрь 2025 14:00
WhatsApp Image 2025-10-31 at 10.01.25.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 31.10.25 /Кабар/. Курт издеген швед балыкчысы жер алдынан байыркы казынаны таап алды. Бул тууралуу Российская газета басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта белгиленгендей, курт издеп жер казып жаткан швед жараны жез казандын ичине салынган миңдеген күмүш тыйындар менен зер буюмдарды тапкан. Ал бул табылганы өзүнүн жайкы үйүнүн жанынан таап алган. Учурда ал жерде археологдор иштеп жатышат.

Казынанын жалпы салмагы болжол менен алты килограммдай болуп, анда 20 миңге чейин тыйын болушу мүмкүн. Адистердин айтымында, бул Швециядагы эрте орто кылым мезгилине таандык эң чоң күмүш табылгалардын бири.

Жез казан убакыттын өтүшү менен бузулуп кеткен, бирок ичиндеги байлыктар ошол боюнча сакталган. Алардын арасында падыша Кнут Эрикссондун, Готланд аралындагы чиркөөнүн жана таяк кармап турган епископтун сүрөтү түшүрүлгөн абдан сейрек кездешүүчү тыйындар да бар.

Швециянын мыйзамдары боюнча, баалуу металлдардан турган мындай табылгалар мамлекетке таандык болуп саналат. Бирок аны таап алган адамга атайын сый акы берилет.