Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Швецияда мурдагы аскер кызматкерлерин кайрадан каттоого алуу максатында аскерге чакыруу курагы 47 жаштан 70 жашка чейин жогорулатылышы мүмкүн. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, мындай чечим жакынкы жылдары Куралдуу күчтөрдү кеңейтүү жана бекемдөө планын ишке ашыруу менен байланыштуу.
Парламенттеги партиялар аскердик бюджетти көбөйтүүгө макулдашып, кошумча 300 млрд крон бөлүүнү караштырып жатышат.
Учурда Швецияда аскер кызматын өтөгөн же аскердик билимге ээ жарандар 47 жашка чейин аскерге чакырылат. Ал эми аскердик даярдыктан өткөнүнө 10 жылдан ашкан адамдар аскердик каттоодон чыгарылууда.
Жаңы сунушталган өзгөрүү кабыл алынса, мурдагы офицерлер дагы 70 жашка чейин аскердик каттоодо болуп, кайрадан чакырылышы мүмкүн.
Мындан тышкары, аскерге милдеттүү жарандардын санын көбөйтүү боюнча чечим кабыл алынган.
Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2030-жылга чейин жыл сайын 10 миңден кем эмес жаран аскерге чакырылат. Кийинки жылдары бул сан 12 миңге чейин жетет деп күтүлүүдө.