Швеция мигранттардын мекенине кайтып кетүүсү үчүн жөлөк пулду көбөйтөт

Дүйнө Загрузка... 06 Ноябрь 2025 08:50
1762373116367233309_1200x630.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.11.25 /Кабар/. Швециянын өкмөтү мигранттардын өз ыктыяры менен мекенине кайтып кетүүсү үчүн берилүүчү жөлөк пулду бир адамга 10 миң крондон (925 доллар) 350 миң кронго (32400 доллар) чейин жана үй-бүлөгө эң көп дегенде 600 миң кронго (55600 доллар) чейин көбөйтүүдө.

АЗЕРТАЖ билдиргендей, бирок, Швециянын Миграция агенттигинин отчету көрсөткөндөй, адамдардын мекенине кайтып кетүү чечиминде акча негизги ролду ойнобойт.

Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү – 61 пайызы – Швецияда калууну көздөшөт жана болгону 18 пайызы гана кайтып кетүүнү ойлонушат.

Мигранттар үчүн коопсуздук, тиешелүүлүк, үй-бүлө менен кошулуу мүмкүнчүлүгү жана кайтып келгенде колдоо көрсөтүү эмоционалдык факторлор алда канча маанилүү.

Агенттик ийгиликтүү кайтып келүү бардык этаптарда коштоону жана кайтып келген өлкөдө жардам берүүнү талап кыларын баса белгиледи. Отчетто ошондой эле көз карандысыз консультациялык кызматты түзүү жана маалыматтык ишти күчөтүү сунушталат.

Маалыматтык кампанияга кеткен 3,5 млн крон (324 миң доллар) чыгымына карабастан, быйыл болгону 111 арыз түшүп, бир гана адам жөлөк пул алган.