Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Швеция өкмөтү климатка адаптациялоо боюнча программаларды каржылоону токтоткондон кийин көпчүлүк аймактык администрациялар өлкөнү суу ташкынынан, жер көчкүдөн жана эрозиядан коргоо иштерин токтотууга аргасыз болушкан.
AZERTAДЖ агенттигинин маалыматына ылайык, Dagens Nyheter жүргүзгөн иликтөөдө бул маселелерге катышкан адистердин үчтөн экиси иштен бошотулуп, ондогон долбоорлор жабылып калганы аныкталган.
Жок кылынган демилгелердин арасында тик эңкейиштердеги токойлорду кыюуга байланыштуу тобокелдиктерди картага түшүрүү да болгон, бул эксперттердин айтымында, нөшөрлөгөн жаан учурунда зыяндын ыктымалдыгын жогорулатат.
Эксперттер климаттын өзгөрүшүнө жана аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу мындай программаларды кыскартуу өлкөнү алсыз абалга алып келерин эскертишүүдө.
Dagens Nyheterдин маалыматына караганда, өлкөнүн сегиз аймагы климаттык адаптация боюнча адистерин толугу менен жоготту. Бир гана Йенкопинг администрациясы өз ресурстарын колдонуу менен ишин уланта алды, ал эми бир нече аймактар Евробиримдиктин каражаттарынан чектелген каржылоо алышкан.
Климат жана курчап турган чөйрөнү коргоо министри Ромина Пурмохтари Dagens Nyheter менен болгон маегинде администрациялар өздөрү приоритеттерди белгилөө үчүн жооптуу экенин айтып, алардын климаттык иш-аракеттер боюнча мандаты каржыланбаса дагы, сакталып калаарын белгиледи. Бул позиция оппозициянын кескин реакциясын жаратты.
Оппозиция өкмөттүн аракеттери “жер көчкүдөн, суу ташкынынан жана кургакчылыктан жапа чеккендердин бардыгына чыккынчылык кылуу” деп эсептейт.
Ошол эле учурда Швецияда аба ырайынын кескин өзгөрүшү көбөйүүдө. Бир гана Сканеде эки жыл мурун Бабет бороону 80 млн крондон ашык (7,3 млн доллардан ашык) зыян келтирген.
Оппозициялык партиялар өкмөттү климаттык адаптациялоо үчүн каржылоону калыбына келтирүүгө чакырып, бүгүнкү күндө кичинекей инвестиция келечекте чоң жоготуулардын алдын ала аларын баса белгилешти.