Бишкек, 28.11.25 /Кабар/. Шри-Ланкада соңку күндөрү катуу жааган жаандан улам пайда болгон жер көчкү жана суу ташкыны 47 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.
Daily Mirror басылмасынын маалыматына ылайык, өлкөнүн Кырсыктарды башкаруу борбору акыркы апталарда уланып жаткан нөшөрлөп жааган жамгырлар ири жоготууларга алып келгенин кабарлаган.
“Жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен 47 адам каза болуп, дагы 21 адам дайынсыз жоголду. Мындан тышкары, миңдеген үйлөрдү, айыл чарба аймактарын жана жолдорду суу каптады. Жалпысынан өлкө боюнча 5 893 киши жабыр тартты”,– деп айтылат маалыматта.
Бийлик өкүлдөрү билдиргендей, тоолуу аймактарда жер көчкү, кулаган таштар жана бак-дарактар айрым темир жол каттамдарынын токтошуна себеп болгон.
Кээ бир темир жол линияларын суу каптаган. Өзгөчө кырдаалдан улам куткаруу жана тазалоо иштери улантылууда.