Шри-Ланкада “Дитва” циклонунан каза болгондордун саны 159га жетти

Дүйнө Загрузка... 30 Ноябрь 2025 12:20
WhatsApp Image 2025-11-30 at 12.19.18 (1).jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Шри-Ланкада “Дитва” циклонунун кесепетинен каза тапкандардын саны 159га жетти. Андан сырткары 203 адам дайынсыз жоголду деп эсептелинүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу борборуна таянып, Синьхуа билдирди.

Маалыматка ылайык, 25 райондон жалпысынан 834 миңге жакын адам жабыркаган.

Президент Анура Кумара Диссанаяке өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин жарыялап, циклонду соңку жылдардагы эң оор жаратылыш кырсыктарынын бири катары баалады.

Ошондой эле бийлик эвакуацияланган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн 919 коопсуздук борборун уюштурганы айтылды.