Шри-Ланкада 100 жаңы туристтик жай түзүлөт

Дүйнө Загрузка... 06 Март 2025 16:00
WhatsApp Image 2025-03-06 at 10.50.50.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Шри-Ланканын өкмөтү 100 жаңы туристтик жай түзүүгө жана өнүктүрүүгө 1 млрд рупий (3,4 млн АКШ доллары) каражат бөлдү. Бул тууралуу Кытайдын “Синьхуа” агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, туристтик борборлор Шри-Ланкада моралдык жана экологиялык жактан туруктуу өлкө түзүүгө багытталган “Таза Шри-Ланка” улуттук программасынын алкагында түзүлөт.

Белгилей кетсек, туризм Шри-Ланка үчүн чет элдик кирешенин негизги булактарынын бири. Өкмөттүн билдирүүсүнө караганда, өлкө быйыл 3 млн туристти кабыл алууну пландаштырууда.