Шотландияда туристтер селфи үчүн 500 жылдык сепилди бузуп салышкан

Дүйнө Загрузка... 25 Ноябрь 2025 09:28
WhatsApp Image 2025-11-25 at 08.04.20.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.11.25 /Кабар/. Шотландияда туристтер сүрөткө түшүү үчүн 500 жылдык тарыхы бар Ардврек сепилинин дубалын бузуп салышкан. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, туристтер сепилдин урандыларына жетүү үчүн дубалдын бир бөлүгүн атайылап бузушкан.

Окуя болгон күнү сепилге жакын жайгашкан көлдө суунун деңгээли көтөрүлүп, адатта жөө барчу жол жабылып калган. Жөө жүрүүгө ыңгайсыз болгондуктан, туристтер кумдуу жээктен айланып өтүүнүн ордуна байыркы дубалды бузуп өтүүнү чечишкен — баары кооз сүрөткө түшүү үчүн болгон.

Historic Assynt уюму соңку мезгилде мындай көрүнүштөр көбөйүп жатканын белгилеген.

Айрым туристтер таасирдүү сүрөт тартуу үчүн урандылардын үстүнө чыгып, байыркы курулуштардын бузулушуна себеп болууда. Ал тургай, оңдоо иштерине чогултулган кайрымдуулук кутучаларынан акча уурдоо фактылары да катталууда.

Маалымат үчүн: Ардврек сепили 1490-жылдары Шотландиянын эң байыркы аристократиялык үй-бүлөлөрүнүн бири тарабынан курулган. 18-кылымдын башында ташталып, учурда Лох Ассинт көлүнүн жээгиндеги тарыхый кооз туристтик жайга айланган.