“Шопоголик” романдарынын автору Софи Кинселла көз жумду

Дүйнө Загрузка... 11 Декабрь 2025 10:10
WhatsApp Image 2025-12-11 at 09.17.57.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.12.25 /Кабар/. Улуу британиялык белгилүү жазуучу, “Шопоголик” романдар сериясынын автору Софи Кинселла 55 жашында көз жумду. Бул тууралуу Известия билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, 2022-жылы жазуучуга “мээ рагынын агрессивдүү түрү” деген диагноз коюлган. Үй-бүлөсү ал ооруну өтө кайраттуулук менен көтөргөнүн белгиледи.

Софи Кинселланын китептери дүйнө боюнча 45 миллиондон ашык нускада сатылып, 60тан ашык өлкөгө тараган. Ошондой эле 40 тилге которулган. “Шопоголик” романдарынын алгачкы эки китебинин негизинде 2009-жылы “Признания шопоголика” тасмасы тартылган.

Жазуучунун артында жолдошу жана беш баласы калды. Анын акыркы “Что это за чувство?” романы 2024-жылдын октябрында жарык көргөн.